• Научно-исследовательская работа

Научно-исследовательская работа

План научно-исследовательской работы


Медициналык колледжде илим жаатына өзгөчө көңүл бурулган. Илим менен алектенген ар бир окутуучуга бардык шарттар түзүлгөн. 2003-жылдан бери илимий иштер боюнча директордун орун басары кызмат орду өзүнчө иш алып барат. 2016-жылдын сентябрь айынан баштап директордун илимий иштер боюнча орун басары болуп биология илимдеринин кандидаты, ЖАМД доценти Орунбаева Б.М. эмгектенип келүүдө.
Медициналык колледждин жамааты билим берүү менен биргеликте илимий ишмердүүлүктүн түрдүү багыттары боюнча маанилүү жыйынтыктарга жетишүүдө. Окуу жай жаңы ачылган мезгилде 1 гана илимдин кандидаты болгон болсо, учурда 15 или мдин кандидаттары эмгектенет.

Кафедра

Окутуучулар

дын жалпы саны

Илимдин кандидат

тары

Доценттер

Улук окутуучулар

1

Тилдер кафедрасы

18

0

0

6

3

Жалпы медициналык дисциплиналар

18

2

1

1

4

Стоматологиялык дисциплиналар

13

-

-

1

5

Терапиялык дисциплиналар

25

-

-

3

6

Сестралык иши

15

-

-

9

7

Коомдук дисциплиналар

10

4

1

3

8

Табият тану жана так илимдер

17

2

1

7

9

Хирургиялык дисциплиналар

32

2

1

-

10

Фармация

31

4

3

2

11

Акушерство жана гинекологиялык дисциплиналар

17

-

-

2

12

Педиатрия жана жугуштуу оорулар

25

-

-

4

Баары:

221

15

7

38

Илимий иштерди уюштурууда жыл сайын пландалган иш аракеттердин негизинде иш алып барылат.
Студенттердин илимий иш аракеттерин өркүндөттүү максатында ар түрдүү кружоктор ар бир кафедрада түзүлгөн.
Медициналык колледждин илим изилдөө иштери төмөндөгүдөй багыттарда жүргүзүлөт:
Сестралык иши – Медициналык колледждерде мээрбан эжелерди компетентүү негизде даярдоо маселелери;
Табият таануу жана так илимдер – Нанотехнологияны медицинада колдонуунун актуалдуулугу;
Терапиялык дисциплиналар – Улгайган жаш курактагы организимдердин өзгөчөлүктөрү;
Педиатриялык дисциплиналар – Кыргызстандагы жаш балдардагы фармакопидемиология;
Тилдер кафедрасы – Орто окуу жайларда чет тилдерин окутуунун усулдары;
Жалпы медициналык дициплиналар – Жаңы төрөлгөн балдардын микробдук колонизациясы жашаган жеринин бийиктигинен жана энесинин микробиологиялык профилинен көз карандылыгы;
Коомдук дисциплиналар – Инсандын идентификациясына философиялык анализ.
Акыркы 3 жылда республикалык илимий журналдардан 50дөн ашуун, чет өлкөлүк журналдардан 40тан ашуун окутуучулардын макалалары жана 20дан ашуун усулдук колдонмолор жарык көргөн.
2017-жылдын 19-майында Кыргызданда алгачкылардан болуп түштүк аймакта жайгашкан медициналык колледждер арасында «Ыйман, адеп жана маданият жылына» карата, «Кыргызстандагы медициналык орто билим берүү мекемелеринде ден соолукка кам көрүүнүн жана жакшыртуунун эффектүүлүгүн көтөрүүдөгү актуалдуу маселелер» аттуу аймактык илимий-практикалык конференцияны ийгиликтүү өткөрдүк. Конференцияга 67 макала топтолуп ОшМУнун жарысынын атайын чыарылышы болуп жарык көрдү. Конференциянын ачылуу аземине ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору Кенжаев И.Г., саламатыкты сактоо министрлигинен өкүлдөр жана түштүк аймактагы медициналык колледждердин директорлору менен окутуучулары катышышты. Белгиленген секциялар ийгиликтүү иш алып барышты.
Конференциянын жыйынтыгында төмөндөгүдөй резалюция кабыл алынды:
2017-жылдын 19-майында ОшМУнун медициналык колледжинде, «Ыйман, адеп жана маданият жылына» карата уюштурулган, «Кыргызстандагы медициналык орто билим берүү мекемелеринде ден соолукка кам көрүүнүн жана жакшыртуунун эффектүүлүгүн көтөрүүдөгү актуалдуу маселелер» аттуу аймактык илимий-практикалык конференциянын

РЕЗОЛЮЦИЯСЫ
2017-жылдын 19-майында ОшМУнун медициналык колледжинде, «Ыйман, адеп жана маданият жылына» карата уюштурулган, «Кыргызстандагы медициналык орто билим берүү мекемелеринде ден соолукка кам көрүүнүн жана жакшыртуунун эффектүүлүгүн көтөрүүдөгү актуалдуу маселелер» аттуу аймактык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Илимий-тажрыйбалык конференцияга, саламаттыкты сактоо министрлигинен, ОшМУнун ректораттынан, түштүк аймагында жайгашкан медициналык колледждердин жетекчилери жана башка окуу жайлардын өкүлдөрү катышышты.
Жалпы конференциянын жүрүшүндө 60 баяндама жасалып 5 секция иш алып барды жана жогоруда белгиленген маселелерди чечүүдө төмөндөгүдөй сунуш беришти:
1. Калктын ден-соолугуна кам көрүүдө медициналык билим берүүдө окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн тийешелүү темаларды окутууда жергиликтүү материалдарды пайдаланууга басым жасалсын жана сабактардын кыргыз тилиндеги иштелмелерин өркүндөтүү жагы белгиленсин.
2. Кыргызстандын флорасындагы дары өсүмдүктөрдү окуп үйрөнүүнү жана алардын өзгөчөлүктөрүн, ресурстук мүмкүндүктөрүн окуу процессине пайдалануу зарыл. Анткени көпчүлүк окуу китептери орус тилинде болгондуктан, андагы дары өсүмдүктөр жөнүндөгү маалыматтар китеп басылып чыккан өлкөнүн флоралык өзгөчөлүктөрүнүн негизин камтыйт, ал адистерди даярдоодо тигил же бул деңгээлде кедергесин тийгизет. Ошондуктан медициналык окуу жайларынын керегесинде даярдалып жаткан адистиктердин окуу пландарына жождук компенент катары “Кыргызстандын дары өсүмдүктөрү: көп түрдүүлүгү, экорлогиясы, пайдалануу, коргоо иш чаралары” курсун 2 кредиттик өлчөмдө киргизүү зарылдыгы белгиленсин.
3. Ден соолукту сактоо үчүн сууларды жана чөйрөнүн башка элементерин коргоо зарылдыгы келип чыккандыгы дагы бир жолу тастыкталсын.
Андан сырткары Кыргызстандын аймагында жайгашкан бардык медициналык колледжердин ассосациясын түзүү сунушталып, бул сунуш ишке ашырылды жана ассоцасия бүгүнкү күндө ийгиликтүү иш алып барууда.
Медициналык колледждин тарыхында биринчи жолу 2ст-3-15-тайпасынын студентти Ысакбек уулу Шергазы “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу IV аймактык студенттик илимий конференцияда II орунга “Тиштерди жаратылыш ыкмасы менен тазалоо” баяндамасы менен жетишти.
Жыл сайын медициналык колледжде ар бир окутулган предметтер боюнча олимпиада өткөрүлөт.
Жыл сайын илимий жумалык өткүрүү пландалып, студенттер жана окутуучулар активдүү катышып келишет.