• Методический совет колледжа

Методический совет колледжа

15.10.2025-жылы ОшМУнун медициналык колледжинин окуу методикалык кеңеши тарабынан студенттин өз алдынча ишин кабыл алууда дедлайн методду колдонуу менен “Өзгөчө кырдаалдарда дарыгерге чейинки алгачкы медициналык жардам көрсөтүү ыкмалары” аттуу темада мастер класс уюштурулду. Мастер класс бир канча адистиктин студенттеринин иштерин айкалыштыруу менен теориялык билимдерин практика жүзүндө демонстрациялоо, командада иштөө менен жүрдү. Иш-чара университеттин деңгээлинде өткөрүлүп ага Өзгөн эл аралык медициналык колледжинен:ОМК т-райымы З. Жаанбаева, жалпы кесиптик дисциплиналар ПЦКсынын төрайымы К.Раева, НББП жетекчиси К. Качкынов агайлар катышып өз ойлорун билдиришти. Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнөн М. Нурмаматова, Б. Сайпидиновалар катышып бул методду медициналык эмес окуу жайларга да жайылтууну сунушташты. Мыкты катышкандар ыраазычылык кат жана ардак грамота менен сыйланышты. Жаңы методду демонстрациялоо үчүн колледждин бир канча ПО курам катышты. Алар: З. Арынов, Д. Торобаева, Б. Орунбаева, А. Арзиева, К. Жапаров, А. Токторов, Ж. Токтосунов, Г. Жоробаева, Ж. Исманалиева, З. Жолдошева.