• Общественная работа колледжа

Общественная работа колледжа

Ч.Т.АЙТМАТОВДУН 95 ЖЫЛДЫГЫ. 2023-жылдын 24-ноябрында Ош МУнун медицианлык колледжинде улуу жазуучу Ч.Т.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган адабий-музыкалык кече өткөрүлдү. Кечеге орто окуу жайларынын жетектөөчү адиси Ж.А.Кыдыршаева жана академиялык мобилдүүлүк боюнча окуп жаткан Өзбекстандын студенттери да катышышты.
"СЕРГЕК ЖАШОО ЖАНА ДЕН СООЛУК". Ош МУда "Сергек жашоо жана ден соолук" жылына карата медициналык колледжинин "Директорунун кубогу" үчүн адистиктер арасында спартакиада өткөрүлдү. Спорттук мелдештер студенттердин ден соолугун чыңдоого, сергек жашоого жана спорт менен такай машыгууга үгүттөө максаттында уюштурулуп, спорт аркылуу улуттар аралык ынтымакты, достукту, биримдикти чыңдоо, окутуучулар менен студенттердин байланышын күчөтүү, алдыңкы спорт оюнчуларын аныктоо жана курама команданы толуктоо максатын көздөдү.
СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ АЗЕМИ. 2023-жылдын 27-ноябрында Ош шаарындагы улуттук драма театрында Ош МУнун медициналык колледжинин 1-курсунун студенттерин кабыл алуу аземи өткөрүлдү. Салтанаттуу аземге Ош МУнун Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, п.и.к., доцент М.С.Шарипова, Ош МУнун орто кесиптик билим берүү департаментинин директору, м.и.к., доцент Чынгызбек Маматжакып уулу студенттерди кызуу куттукташты.

" Оңдош үчүн ааламды, оңдош керек адамды" аттуу жолугушуу кече болуп өттү


Президентибиз Садыр Жапаровдун "" Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө" жарлыгынын негизинде уюштурулган " Оңдош үчүн ааламды, оңдош керек адамды" аттуу жолугушуу кече болуп өттү. Иш чарага медициналык колледждин студенттери жана окутуучу кураторлор катышышты. Иш чарага чакырылган коноктор

Шарипова Мастура

Нургыз

Келип өздөрүнүн доклаттарын окуп студенттердин озөн өнүктүрүүсүнө чоң түрткү беришти. Иш чара кызыктуу суроо жооп менен толукталып кызыктуу маек алмашуу болоду.


"Биз коррупцияга каршыбыз" атту акция өткөрүлдү Медициналык колледждин активист студенттери тарабынан " Биз коррупция каршыбыз" атту акция өткөрүлдү. Акция медициналык колледждин акыйкатчы тобу, активист студенттер жана кураторлор катышышты. Акциянын алкагында студентер тарабынан видио роликтер тартылып соцтармактарга таратылды.
Медициналык колледж Ош шаардык СЭС тарабынан дезинфекцияланды
Медициналык колледж кышкы агай эжекелер ортосунда өткөрүлгөн спартакиаданын женүүчүсү болушту.
“Медициналык айым ишинин өнүгүү перспективалары” аттуу Республикалык илимий практикалык конференция Майлуу-суу шаарында Майлуу – суу медицикалык колледжинде болуп өттү. “Медициналык айым ишинин өнүгүү перспективалары” аттуу Республикалык илимий практикалык конференция Майлуу-суу шаарында Майлуу – суу медицикалык колледжинде болуп өттү. Илимий конференцияга Республика боюнча Медициналык колледждер ассосиациясына мүчө жалпы 27 медицина колледждери катышты.

Бугун колледждин уул балдарына (студенттерине) ШИИБдин Ак-Буура аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери менен жолушугуу жана түшүндүрүү иш чарасы болуп өттү Бугунку колледждин уул балдарына(студенттер)Ош ШИИБнын Ак-Буура МБнун №4 ШМБнүн начальниги милициянын капитаны Марипбай уулу Таирбек жетектеген жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору жана аймактык тескөөчулөр келип түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жыйынга медициналык колледждин жалпы курсунун уул балдары жана кураторлору, колледждин директору Арынов Замирбек Сапарбаевич жана директордун тарбия иштери боюнча орун басары Жакыпова Гулмира Мамадалиевна катышышты. Иш чара директордун тарбия иштери боюнча орун басары Жакыпова Гулмира Мамадалиевна тарабынан уюштурулду. Иш чара коомдогу студенттердин арасында болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн алдын алуу жана студенттердин тартибин жөнгө салуу максатында уюштурулду.
Жатаканада жашаган студенттер менен ШИИБнын Ак-Буура МБнүн №4ШМБнүн начальниги жана тескөөчү адистери менен биргеликте жолугушуу уюштурулду. № 6 жатаканада жашаган медициналык колледждин студенттерине ШИИБнын Ак-Буура МБнүн №4 ШМБнүн начальниги жана тескөөчү адистери менен биргеликте жолугушуу уюштурулуп,жатаканада жашаган студенттердин баары катышышты.Коомдо болуп жаткан студенттер арасындагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, кылмыштуулуктун алдын алуу, жол эрежелери ж.б. боюнча ШИИБнын Ак-Буура МБнүн №4ШМБнүн начальниги, капитан Марипбек уулу Таирбек лекция окуп, суроо жооптор менен толукталды. Жолугуда колледжин директору Арынов Замирбек Сапарбаевич өзүда түшүндүрүү иштерин айтып кетти. Иш чара директордун тарбия иштери боюнча директордук орун басары Жакыпова Гулмира тарабынан уюштурулду.

11-02-2022ж. күнү 1- курстун кураторлоруна коомдогу студенттер арасында болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында жыйын өткөрүлдү Бүгүн 1- курстун кураторлоруна коомдогу болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында жыйын өткөрүлдү. .жыйынга 1- курстун кураторлору толук катышып түрдүү сын сунуштар айтылды. Жыйынды медициналык колледждин директордун тарбия иштери боюча орун басары Г.М.Жакыпова алып барды каралуучу маселерди ордого салды. Жыйында медициналык колледждин директору З.С.Арынов коомдогу студенттердин арасында болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн алдын алуу иш чараларын айтты. Кураторлордон сөз сүйлөшүп талкуу менен жыйын өткөрүлдү.
22-02-2022ж. күнү колледждин кыз балдарына (студенттерине) шаардык ооруканалардын акушер гинекологдору менен жолугушуу уюштутурулду Бугун колледждин кыз балдарына (студенттерине) шаардык ооруканалардын акушер гинекологдору менен жолугушуу уюштутурулду. Жолугушууга медициналык колледжин 1-,2-,3- курсунун студентери жалпы кыз балдары (студенттер), Ош областтык төрөт үйүнүн акушер гинекологу, саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери Саипова Элмира Мамасаиповна, Ош областтык адам репродукция борборунун акушер гинекологу Аширбекова Мээрим Ираимовна, ОшМУнун аялдар кеңешинин төрайымы Көчкөнбаева Насира Асаналиевна, медициналык колледждин аялдар кеңешинин төрайымы Чотурова Уулкыз Абдасаттаровна жана кураторлор катышышты. Жыйында кыздардын гигиенаны туура сактоо, контрацепция, журум турумдар боюнча темалард айтылды. Жыйын коомдогу студенттер арасынад болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында директордун тарбия иштери боюнча орун басары Г.Жакыпова тарабынан уюштурулуду.
22-02-2022ж. Эрте танда колледждин мырзаларын Мекенди коргоо күнү менен куттуктоо аземи өткөрүлдү Бугун эрте танда колледждин мырзаларын Мекенди коргоо күнү менен куттуктоо максатында музыкалык азем өткөрүлдү. колледжде иштеген агайларыбызга жана студент уул балдарга чакан белектер берилип, конценттик программа тартуланды.
26-02-2022ж. Медицицналык колледждин ПЦКлары эжекелер аралык волейбол оюну болуп өттү Бүгүн аялдардын эл аралык майрамына карата уюштурулган медицицналык колледждин ПЦКларында кызмат кылган эжекелер аралык волейбол оюну болуп өттү. Оюнга жалпы 8команда катышып, 1-орунда ОСД ПЦКасы, 2- орунду админстрацияда иштеген эжекелер командасы, 3-орунга терапия командасы ээ болушту. Жалпысынан медицина колледждинде кызмат кылган эжекелердин баары катышышты, ПЦК башчылары активдуу катышып өздөрүнүнүн ПЦКасында кызмат кылган эжекелерди колдоп беришти. Иш чара директордук тарбия иштери боюнча орун басары ЖДакыпова Гулмира тарабынан уюштурулду. Иш чараны ИХСАН ЛТД кооперативи колдоп спонсор болушуп аялдарга керектүү буюм тайымдарды белек кылышты.
8- март аялдардын эл аралык майрамына карата эжекелерге жагымдуу маанай тартууланды
04-03-2022ж. "Кош жылдыз 2022" кароо сынагынын жеңүүчүсү болдук
5.03.2022ж."ОшМУ мырзасы 2022" кароо сынагында "ОшМУ мырзасы 2022" наминациясына ээ болдук
17-03-2022ж. Медициналык колледжде НООРУЗ майрамы белгиленди.
23-03-2022ж. Кургак учука каршы курөшүү күнү катара иш чара болуп өттү Иш чарага медициналык колледжин бардык курсунун студенттери жана Терапиялык дисциплинасы ПЦКсынын окутуучулары, Ош областтык кургак учука каршы күрөшүү борборунун №1 өпкө бөлүмүнүн башчысы, жогорку категориядагы фтизиатор врач Тажибаев Бабамурат Калмырзаевич: Кыргыз Республикасынын Улуттук кызыл ай коомунун “ Туберкулезду дарылайбыз” проектинин координатору Шермаматова Светлана Шермаматовна: Кыргыз Республикасынын Улуттук кызыл ай коомунун фтизиатор врачы Самиева Гулнара Бадиновна: Кыргыз Республикасынын Улуттук кызыл ай коомунун патронаждык медайымы Сыдыкова Анипа Сыдыковна: Кыргыз Республикасынын Улуттук кызыл ай коомунун патронаждык медайымы Турсунова Замира Турсуновналар келип катышышты. Иш чарада келегн коноктор тарабынан лекция, докладтар окулду жана студенттер тарабынан даярдалган музыкалык программа көрсөтүлдү. Кургак учука каршы курөшүү күнү катара иш чараны Терапиялык дисциплинасы ПЦКсынын окутуучулары уюштурду.
30-03-2022“Демилгелуу жаштар” ыктыярчылар тобу тарабынан тазалоо иш чарасы болуп өттү. 2022- жылдын 15- март күнү медициналык колледждин студенттеринин арасында “Демилгелуу жаштар” ыктыярчылар тобу түзүлдү. Бул идея студенттердин өздөрүнөн сунушталып 1-2-курстардын студенттеринен түзүлдү. “Демилгелуу жаштар” ыктыярчылар тобунун төрагасы Юлдашев Озодбек шайланды. Жалпы саны 30 студент өз ыктыяры менен “Демилгелуу жаштар” ыктыярчылартобуна катталышты.Бугун биринчи айлана чөйрөнү тазалоодон өздөрүнүн иш аракеттерин башташты. Юговосток аймагында жайгашкан Дендрологиялык парктын айланасын жана жол баскычтарды тазалашты. Күтүүсүздөн ОшМУнун Тарбия иштери боюнча проректору Артыкова Жылдыз Абдусаламовна, профсоюз уюмунун төрагасы Саттаров Абсамат, ОшМУнун жаштар кеңешинин төрагасы Бектурсун келип өздөрүнүн ыраазычылыктарын айтышып жана дем күч берип кетишти.
31-03-2022ж. "Демилгелүү жаштар" тобу тарабынан Ош тазалыкта эмгектенген жумушчуларга жылуу маанай тартуулоо иш чарасы болуп өттү. Бугун 31.03.2022ж. ээрте менен "Демилгелүү жаштар" тобу тарабынан Ош тазалыкта эмгектенген жумушчуларга жылуу маанай тартуулоо иш чарасы болуп өттү. Иш чара топтун озүнүн демилгеси жана директордун тарбия иштери боюнча орун басардын жардамы менен өткөрүлдү. Иш чара Ош шаарынын Шакирова, Масалиев, Кыргызстан көчөлөрүндө Ош тазалыкта эмгектенген жумушчуларга ыссык кофе жана тез татым таркатылды. Өзүбүздүн энебиздей, атабыздай болгон инсандар эмгектенет жана да ээрте менен шаардын жашоочулары көчөгө чыга электе көчөлөрдү тазалап, иретке келтирип койгондугу бизди кубандырат. ошол эле учурда жашы улгайып калгандыгына карабастан оор жумушту аркалап келгендиги жан ачытаарлык бир көрүнүш. Ошол оор жумушту эске алып студенттердин арасында кайдыгер карабастан кабар алып таң эртеден жакшы маанай тартуулагандыктары кишини кубандырат. Биз келечекте ыйман ынсаптуу, айкөл, патриот, боорукер, акылман келечек муундарды тарбиялап жаткандыгыбызды айгинелеп турат.
2024-ЖЫЛДЫН 12-МАРТЫНДА МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН КОЮЛГАН ДАТТАНУУ КУТУЧАСЫ КОМИССИЯНЫН КУРАМЫ ТАРАБЫНАН АЧЫЛЫП, ТАЛКУУЛАНДЫ.
ТАЗАЛЫК ШААРЫБЫЗГА, ШААРЫБЫЗ БААРЫБЫЗГА! Ош шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 27-февралындагы "Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлыкты жарылоо жөнүндө" №143 токтомуна ылайык медициналык колледжинин окутуучулары жана студенттери 2024-жылдын 16-мартында Ак-Буура дарыясынын жээктерин тазалоо ишембилигине активдүү катышышты.
КУРАТОРДУК СААТТА ОШ МУнун МИССИЯСЫН ТАЛКУУЛОО УЧУРУ
I. Иш-чаранын максаты: • Студенттер арасында ынтымакты, достукту бекемдөө; • Жаштардын интеллектуалдык билим деңгээлин жогорулатуу, билимдүү жаштарды колдоо. • Аймактын жаштарын билимдүүлүккө чакыруу. • Түштүк аймактык колледждер арасында өтүүчү “Билерман ордо” интеллектуалдык оюнунуна ОшМУнун медициналык колледжинин 7 курама командасын түзүлдү II. Иш-чараны уюштуруу тобу: • Иш-чара медициналык колледждин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Жакыпова Гулмира Мамадалиевна жана КӨЭАУнун “Интеллектуалдар борборунун” жетекчиси, “Билерман ордо” телеоюнунун мыкты команда капитаны, магистр Маманов Сагын Базарбаевич менен биргеликте уюштурулду ; • Иш-чаранын демөөрчүсү хирург, флеболог Эсекеев Эркинбек Базарбаевич. • Иш-чарага катышкан командаларга наминация, белектер берилет, активдүү катышкан студент жана жеңүүчү команда диплом жана белектер менен сыйланат.
1-ОКТЯБРЬ - ЭЛ АРАЛЫК КАРЫЛАР КҮНҮ. Медициналык колледжинин студенттери директордун тарбия иштери боюнча орун басарынын жетекчилигинде алдында "Карысы бардын ырысы бар" деген теманын алкагында Ош шаарындагы карылар үйүнө белек-бечкектер жана чакан концерттик программа менен барышып, андагы жашоочуларга майрамдык маанай тартуулашты. Карылар медициналык колледжинин жалпы жамаатына ыраазычылктарын билдиришип, баталарын беришти.
1-СЕНТЯБРЬ - "БИЛИМ МАЙРАМЫ". Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинде 1-сентябрь - "Билим майрамы" белгиленип, профессордук-окутуучулк курамга жана студенттерге ийгиликтерди каалоо менен жаңы окуу жылын баштап алдык.
"АЛТЫН КҮЗ" КОНКУРСУ. 2023-жылдын 10-октябрында Ош МУнун медициналык колледжинде адистиктер арасында "Алтын күз" аталышындагы конкурс жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Жеңүүчүлөр дипломдор жана акчалай менен сыйлыктар сыйланышты.
"МЕКЕНИМДИН ТАШЫ". 5-декабрда медициналык колледжинин окутуучулары студенттер менен биргеликте С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында коюлган Ж.Кулматовдун "Манас" эпосундагы Жакыптын Алайга көчүрүлгөн окуясынын негизинде жазылган "Мекенимдин ташы" спектаклин көрүштү. Манас ар бир кыргыз жаранынын жүрөгүндө жашашы керек!
КООПСУЗДУК БӨЛҮМҮНүН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ. Ош МУнун Коопсуздук кызмат бөлүмүнүн башчысы Н.М.Арзиев, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча улук ингспектору, милициянын лейтенанты Алмазбек кызы Бермет жана милициянын лейтенанты Н.С.Арынова, Ош МУнун Коопсуздук кызмат бөлүмүнүн инспектору У.Калбаевдердин катышуусунда коопсуздук боюнча жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга медициналык колледжинин жана Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин студенттери катышышты.
"КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АЙТМАТОВ ААЛАМЫНДА" аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгына карата Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлүүчү "Айтматовдун каармандары Ош мамленкеттик университетинде" композициялык көрүнүштөр сынагына медициналык колледжинин комиандасы "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повестиндеги каармандарды чагылдырып беришти.
"ОШ МУ МЫРЗАСЫ - 2024". Ош Мунун 85 жылдыгына карата факультеттер аралык "Ош МУнун мырзасы - 2024" конкурсу болуп өттү. 13 факультеттин катышуучуларынын арасынан медициналык колледжинин 2 ЛД 3-22 тайпасынын студенти Анарбеков Манас Анарбекович II орунду багындырып, Ош МУнун даражадагы диплому жана 11 000 сом акчалай сыйлыгы менен сыйланды.
8-МАРТ АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК МАЙРАМЫНА КАРАТА МЕЛДЕШ. 2024-жылдын 3-мартында Ош МУнун 85 жылдыгына жана 8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата профсоюз комитети тарабынан уюштурулган эжекелер арасындагы волейбол боюнча мелдеште медициналык колледжинин аялдар курама командасы II орунду ээлешти.
ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН 85 ЖЫЛДЫГЫНА ЖАНА 23-ФЕВРАЛЬ АТА МЕКЕНДИ КОРГООЧУЛАР КҮНҮНӨ карата 45 жашка чейинки жана 45 жаштан жогорку кызматкерлер арасында бильярд боюнча мелдеште медициналык колледжинин атынан катышкан Джапаров Кубаныч агайыбыз I орунга ээ болду.
5-МАРТ - АК КАЛПАК КҮНҮ. 2024-жылдын 5-мартында улуттук баш кийими ак калпакты даңазалоо максатында медициналык колледжинин студенттери ак калпактарын сыймыктануу менен кийип келишти.
ЭЛ АРАЛЫК АЯЛДАР КҮНҮ. Бүгүн медициналык колледжинин дирекциясы 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата ажарлуу айымдарды майрамы менен куттуктады.
2023-ЖЫЛДЫН 29-НОЯБРЫНДА ОШ МУнун МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ УЛУУ ЖАЗУУЧУ Ч.Т.АЙТМАТОВДУН 95 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН АДАБИЙ-МУЗЫКАЛЫК КЕЧЕ ӨТКӨРҮЛДҮ. КЕЧЕГЕ ОРТО ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН ЖЕТЕКТӨӨЧҮ АДИСИ Ж.А.КЫДЫРШАЕВА ЖАНА АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК БОЮНЧА ОКЕУП ЖАТКАН ӨЗБЕКСТАНДЫН СТУДЕНТТЕРИ ДА КАТЫШЫШТЫ.