• Международная связь

Международная связь

ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ

ОшМУнун медициналык колледжи тышкы байланыштар боюнча иш аракетинде, ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча жетекчилигинин астында иш алып барат.

Бүгүнкү күндө медициналык колледж Кыргызстандагы бир катар медициналык коллеждер менен атайын түзүлгөн келишимдердин негизинде иш алып барууда. Андан сырткары Казакстандын, Өзбекстандын 10дон ашуун алдыңкы ООЖ менен эки тараптуу кызматташтык жөнүндө макулдашууларга кол коюлган:

Алар менен төмөнкү багыттар боюнча иш жүргүзүлүүдө:

1) академиялык мобилдүүлүк программасы, иш сапарлар, тажрыйба алмашуу, кышкы жана жайкы мектептер, стажировка ж. б. уюмдар;

2) эл аралык долбоорлорду биргелешип даярдоо жана ишке ашыруу;

3) эл аралык уюмдарга, ассоциацияларга мүчө болуу;

4) атайын орто кесиптик медициналык багыттардын алкагында кызматташуу;

5) илимий изилдөөлөр тармагындагы кызматташтык, өнөктөштөрдүн журналдарындагы макалаларды жарыялоо;

7) илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды, тренингдерди, тегерек үстөлдөрдү, онлайн, конок лекцияларын ж. б. уюштуруу иш-чараларын өткөрүү;

8) биргелешкен маданий, спорттук ж. б. иш-чараларды, олимпиадаларды, конкурстарды өткөрүү.

Негизги принциптери:

  • Медициналык колледждин Кыргызстанда жайгашкан жана эл аралык, илимий, билим берүү, медициналык түзүмдөрү менен байланыштарын өнүктүрүү;
  • Алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн атайын орто окуу жайлары менен диалогдук аянтчаларды түзүү.

Максаттары жана милдеттери:

  • Окуу, медициналык мекемелер, илимий жана маданий борборлор, фонддор, менен өз ара аракеттенүү, ошондой эле медициналык коллеждин окуу процессинде, илимий, инновациялык жана маданий жашоосун жакшыртуу.
  • Атайын орто билимдүү медициналык кызматкерлерди даярдооодо билим берүүнү уюштуруу жаатындагы чет өлкөлүк жана ата мекендик алдыңкы тажрыйбаларды тааныштыруу жана жайылтуу.

Негизги ишмердүүлүктөр:

  • ОшМУнун курамындагы окуу жай катары эл аралык байланыштарын өнүктүрүүнүн келечегин аныктоого катышуу;
  • эл аралык байланыштар маселелери боюнча отчетторун түзүү;
  • университеттин илимий кеңешине, ректорго, РиМс боюнча проректорго эл аралык мамилелерге байланыштуу керектүү документтерди, материалдарды, маалыматтарды берүү;
  • чет өлкөлүк өнөктөштөр менен биргелешкен ишмердүүлүк боюнча келишимдерге, контракттарга жана башка документтерге кол коюуга даярдоо;
  • Кызматташуу үчүн шарттарды түзүү боюнча сунуштарды киргизүү;
  • педагогикалык кызматкерлерди жана студенттерди эл аралык билим берүү программаларына катышууга тартуу боюнча кеңеш берүү;
  • эл аралык илимий конференцияларды уюштуруу жана катышуу;
  • окутуучулардын жана студенттердин илимий иштеринин жетишкендиктерин эл аралык деңгээлде маалымдоо жана жайылтуу;
  • чет өлкөлүк өнөктөштөр менен жолугушуу;
  • чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы колдонуудагы мыйзамдарды, билим берүүнү уюштуруунун ички тартибинин эрежелерин түшүндүрүү;
  • ОшМУнун академиялык мобилдүүлүгү жөнүндөгү жобого ылайык тышкы академиялык мобилдүүлүктү уюштуруу.