Илимий жетишкендиктер

ОшМУнун медициналык колледжинин «Медайым ишинин негиздери» ПЦКсында бардыгы болуп19окутуучу эмгектенүүдө. Алардын ичинен3илимдин кандидаты ,16окутуучу, 1 лаборант(алардын ичинен2илим изилдөөчү) эмгектенет. ПЦК мүчөлөрү окуу программаларын, окуу куралдарын жана башка окуу усулдук, илимий аспектилердин иштелмелерин даярдоодо үзүрлүү эмгектенүүдө. Окутуучулар материалдык-техникалык базаны жакшыртып, модулдук-рейтингдик системаны киргизип, студенттердин өз алдынча иштерин уюштуруп, илимий изилдөө иштерин жетектөө менен иш алып барууда. ПЦКнын окутуучулары тарабынан3окуу китеби,5окуу усулдук колдонмо, 100 дөн ашуун илимий макалалар басмадан жарык көргөн.