Медициналык колледждин биринчи курстарды кабыл алуу аземинен көз ирмем.
. Жаз келип, айлана чөйрөнү тазалоо кызуу жүрүп жаткан кези.
Шаарды көрктөндүрүү максатында Медициналык колледж, Ош муниципалдык жашылдандыруу ишканасы менен биргеликте шаарга 85 көчөт отургузушту.
Студенттердин өз кесибине болгон кызыгуусун жогорулатуу жана кесипке багыт берүү максатында, атайын чакыруу менен "Медикана плюс" лаборатриясынын башчысы Абдылдаева Гульзат Лимбековна "Ключевая роль лаборанта в медицине" аттуу темада презентация кылып берди.
19-март күнү иш берүүчүлөр менен кызматташууну улантуу максатында "Медикана плюс"" жеке лабораториясынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышылды. Иш чаранын алкагында лабораториялык дартты аныктоодогу актуалдуу маселелер кызуу талкууланды.
2025-жылдын 14-октябрында саат 11:00дө ZOOM платформасы аркылуу Медициналык колледждин "Дарылоочу иш" адистигинин 2-курс студенттеринин ата-энелери менен жыйын куратор Орунбаева Бибигүл тарабынан өткөрүлдү.
Жыйында талкууланган негизги маселелер:
1. Окуу процессинин жүрүшү жана студенттердин билим сапаты.
2. Сабакка катышуусу жана ички тартип маселелери.
3. Билим деңгээлин жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер.
4. Ата-энелер менен тыгыз байланышта иш алып баруу зарылдыгы.
5. Клиникалык практикага даярдык жана анын өзгөчөлүктөрү.
Жыйынтыгы:
Ата-энелер жыйынга активдүү катышып, кызыккан суроолоруна жооп алышты. Колледж жетекчилиги жана окутуучулар студенттердин билим сапатын жакшыртуу, тартипке болгон жоопкерчиликти жогорулатуу жана ата-энелер менен туруктуу байланышта болуу боюнча ишти улантаарын белгилешти