17.03.2022-ж.медициналык колледжде чет мамлекеттерде жумуш менен камсыздоочу "скай компани " компаниясы студенттер үчүн атайын семинар өтүштү. Бул компания стутуденттерди жайкы эс алуу учурунда Германия, Бельгия, Турция, Польша өлкөлөрүнө кызматташууга чакырды.
Медициналык колледждин фармация адистигин ийгиликтүү аяктап медицина факультетинин кечки бөлүмүндө билимин улантып жаткан студенттерге анкетирлөө жүргүзүлдү.
28.04.2022 жылы Ош Мамлекеттик Университетинин башкы корпусунда ачык эшиктер күнү болуп өттү. Билим күнүнө карата медициналык колледждин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү кадырлуу конок катары чакырылып көргөзмө, атайын семинарга катышышты.
29.01.2022-ж. “Дарылоо иши” адистигинин бүтүрүүчүлөрү үчүн “ Жумушка орноштуруу жана профессионалдык чөйрөнүн аспектилери ” аттуу темада тегерек стол уюштурулду. Бул жолугушууга Ош шаардык медициналык тез жардам бекетинин директору Мирболот Латыпжанович Султанов, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын башкы медайымы Жанна Сулаймановна Абдираимова, медициналык колледждин жетекчилери катышты.
Окуунун мыктылары, активисттер ардак грамота, ыраазычылык каттар менен сыйланышты.
2021-2022- окуу жылынын 11-декабрында стоматологиялык профилактика адистигинин бүтүрүүчү студенттери менен иш берүүчүлөр, ата-энелердин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу учурунда иш берүүчүлөр окуу кааналарынын жабдылыштары, тийиштүү документтер менен таанышып жумушка кабыл алуудагы талаптар, эрежелер жана окуу процессине сунуштарын билдиришти. Студенттер жана ата-энелер өздөрүн кызыктырган суроолого жооп ала алышты.