Ата-энелер, бүтүрүүчүлөр жана жумуш берүүчүлөр менен жолугушуу

2018-12-13 19:06:32 261

ОшМУнун медициналык колледжинде 12-декабрь күнү ата-энелер, бүтүрүүчүлөр жана жумуш берүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү. Мында азыркы окуп жаткан студенттердин ата-энелеринен 50 адам, медколледжде окуп кеткен бүтүрүүчүлөрдөн 60 адам жана жумуш берүүчүлөрдөн 40 адам катышты. Бул жолугушууда программа боюнча 3 бөлүккө бөлүнүп, биринчи бөлүгү ЧАЗда өттү. Кийинки бөлүктөрү жыйындар залында болду. Бүтүрүүчүлөрдүн азыркы иш аракеттери талкууланып, кофе-брейк учурунда өздөрүнүн жетишкендиктери менен бөлүштү. Андан соң жумуш берүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө сөз болуп, мындан ары медколледжди бүтүрүп барган студенттерди ишке жайгаштыруу маселеси каралды. Аягында, келген ата-энелерге студенттер жана окутуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа сунушталды жана ата-энелерге колледждин базасы менен таанышуу уюштурулду. Жолугушуу өз максатына жетти, ата-энелерден, жумуш берүүчүлөрдөн жана бүтүрүүчүлөрдөн анкета алууга, өздөрү жөнүндө маалымат алынды. Мындан сырткары, жумуш берүүчүлөр менен алдыңкы пландар дайындалды.