Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90-жаш курагына арналган таасирдүү тарбиялык саат

2018-12-04 13:43:44 311

Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90- жылдыгына карата Ош МУнун медициналык колледжинин 2ФР11-2-17 тайпасында 2018-жылдын 4-декабрында тайпанын куратору, улук окутуучу У.Чотурова тарабынан “Кырк миң жыл өтсө дагы эстен чыккыс Кыргыздын кырааны бар- аты Чыңгыз” деген темада жазуучунун талкууга алынган чыгармаларын жаштарга жеткирүү максатында тарбиялык саат өттү. Анда тайпанын студенти Максатбек кызы Нурзат Ч.Айтматовко арнаган ыр саптарын көркөм айтуусу студенттерге таасирдүү болуп калды. Андан соң жазуучунун чыгармаларынан , өздөрү Дүйшөндүн, Алтынайдын ошондой эле Жер -эне менен Толгонайдын образдарын аткарышты. Бул, албетте, студенттердин улуу жазуучубуздун чыгармаларына кайдыгер карабагандыгын маалымдайт.Терең мазмундуу, философиялык мааниге ээ болгон чыгармаларындагы идеялар окурмандардын жүрөгүнүн түпкүрүндө түбөлүккө жашаарын билдирди. Мындай мазмундагы тарбиялык сааттардын өтүлүшү кандайдыр бир деңгээлде студенттердин жан дүйнөсүнө таасир этип, мамлекеттибиздин келечеги үчүн күрөшкөн патриоттордун калыптанышына өбөлгө түзөт. Тарбиялык сааттын аягында тайпанын куратору, улук окутуучу У.Чотурова урматтуу студенттер силерге айтаарым:Ч.Айтматовдун чыгармаларын түшүнүп окусаңар, ал келечек турмуш жолун көрсөтүүчү шам чырак боло алат деп Ч.Айтматовго арналган ыр саптар, учкул сөздөр менен сабакты жыйынтыктады.