Табигый кырсыктардын кесепетинен коргонуу

2018-10-07 23:05:58 261

Ош шаарынын борбордук аянтында «Табигый кырсыктардын кесепетинен коргонуу» деген аталышта КРдин өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана «Жарым ай» фонду уюштурган иш чарага медициналык колледждин 2 – курсунун студенттери (41 тайпа) активдүү катышышты. Түдүү кырдаалдагы коопсуздуктарга (өрт, сел, жер титирөө, терроризм ж.б.) даяр болуу, алдын алуу боюнча маалыматтарды алышып, техникалык жабдыктар, дары-дармектер, тез жардам кызматы жөнүндө кабардар болушту. Куткаруучулардын кырсык болгондо аткарчу аракеттерине, чеберчилигине, ыкчамдыгына күбө болушту.