Медайымдын иши

2018-09-26 09:55:46 229

24-25-сентябрь күндөрү Ош шаарында “Кыргыз Республикасында медициналык орто билим берүү көйгөйлөрү жана аны чечүү жолдору” аттуу тегерек стол болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын бардык медициналык колледждеринин директорлору жана ооруканалардын башкы медайымдары келип катышышты. Мында медициналык орто билим берүүнүн көйгөйлөрү талкууланды.