Медициналык колледжде тил майрам

2018-09-23 02:32:07 271

22-сентябрда медициналык колледжинин 1-курсунун студенттери менен “Эне тилим - сыймыгым” аттуу кече өткөрүлдү. Залдын ичи жасалгаланып, мамлекеттик тилге байланыштуу көрнөктөр илинип, “Манас” эпосунан үзүндүлөр аткарылып, улуттук көрөңгөдөн үзүндүлөр көрсөтүлдү. Студенттердин тилге болгон урмат-сыйын арттыруу, аны өркүндөтүү максатында көркөм программаны студенттерге тартуулашты. Кечеге педагогика илимдеринин доктору, профессор С. Момуналиев катышып, өзүнүн жакшы пикирин билдирди. Бул кечени уюштургандар доцент, С. Давлетова жана улук окутуучу Б. Мамазаитова болду.