Залкар жазуучу Ч. Айтматов 90 жашта

2018-04-25 18:54:01 266

Элибиздин залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата ОшМУнун Тарбия департаменти тарабынан уюштурулган иш-чара Дүйнөлүк тилдер факультетинде болуп өттү. Мында бир нече конкурс боюнча тандоо туру болуп, студенттердин дубал газеталары, мыкты көркөм окуу, монологдор тандалды. Мындан сырткары, кызуу талкуулар болду. Бул иш-чарада медициналык колледждин "ТИЛДЕР" кафедрасынын окутуучулары даярдаган студенттери катышып, өз активдүүлүгүн көрсөтүштү.