Ата-энелер менен жолугушуу өттү.

2014-04-19 14:34:32 205

03.04.Гуманитардык жана математикалык дисциплиналар кафедрасындагы кураторлордун демилгеси менен медициналык колледждин байланышын, тарбиялык иштерин жана окууга болгон мамилесин андан ары күчөтүү максатында “Үмүт менен окутам сени студент” деген темада Ата-энелер менен жолугушуу болду. Жолугушууда колледждин лабораториялары менен тааныштыруу чоң кызыгууну жана ыраазычылыкты пайда кылды.(2014-жыл 3-апрель.саат 12:00) Кафедранын окутуучулар жамааты жана аялдар кеңешинин төрайымы Г. Орунбаеванын күчү менен “Аял-эне, аял-илимдеги зор күч” деген темада б.и.д. Б.Каримова менен студенттердин жолугушуусу болду. Жолугушуу жогорку деңгээлде өттү.