Медициналык колледжде “Илимий жумалык” өтүүдө.

2016-04-26 00:28:04 320

Бүгүн Ош МУнун медициналык колледжинде “Илимий жумалык” болуп өттү! Бул иш-чаранын алкагында алгач эле медколледждин башкы имаратынын алдында кафедралар тарабынан көргөзмө уюштурулду. Андан кийин Ош МУнун илим боюнча проректору, б.и.д. профессор Жумабаева Тасилкан Токтомаматовна, илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, ф.м.и.к. доцент Анарбаева Гүлжамал Маматовна жана эл аралык медицина факультетинин фундаменталдык, теориялык кафедрасынын башчысы, х.и.к. доцент Нишанов Абдумалик агай эжекелер илимий жумалык боюнча өз ойлорун айтышты. “Коомдук дисциплиналар” кафедрасынын окутуучусу Ажибекова А., “Мамлекеттик тил” кафедрасынын окутуучусу Исаева М. ж.б. окутуучулар активдүү катышты.