Дүйнө турса сулуулукту аярлап, бүт дүйнөнү сактап турат аялзат.

2015-11-30 17:06:01 266

2015 – жылдын 24 ноябрында ОшМунун Медициналык колледжинин аялдар кеңешинин төрайымдары Абдрасакова Г., Тойчуева А., Шерматова Ж., кыздар кеңеши менен биргеликте маданий иш чара өткөрүштү. Иш чарага ОшМУнун аялдар кеңешинин төрайымы Сейитказиева Г., медициналык колледждин тарбиялык иштери боюнча директордун орун басары Айтманбетов А. Келип катышты. Иш чара өткөрүүнүн негизги максаты: - Сирия өлкөсүнө жөнөп жаткан жаш жеткинчек улан кыздардын тагдырын сахналаштырып көрсөтүү жана алдын алуу (өзгөчө мед.айымдардын); - өспүрүм курактагы кыздардын арасындагы бойдон алдыруу маселеси (аборт); - турмушта эненин орду жана эненин баалулугу; - студенттердин чыгармачылык деңгээлин аныктоо (ыр бий кечеси); - тарбиялык маанидеги кеп кеңештерди айтуу.