2024-11-23 14:41:46 25
2024-жыл 12-ноябрь күнү Бишкек шаарында өткөн "Кыргыз Республикасында медициналык билим берүүнүн реформалары" долбоорунун жыйынтыктоочу конференциясына КМКАнын төрагасы жана 5 пилоттук медициналык колледждин директорлору, медициналык колледждин директору, доцент З.С.Арынов катышышты. Конференцияда жергиликтүү жана эл аралык өнөктөштөр жана донорлор долбоордун акыркы 10 жылдагы жетишкендиктерин, ошондой эле келечектеги перспективаларды жана жетишкен натыйжалардын туруктуулугун талкуулашты. Швейцария мамлекетинин элчилигине, МЕR долбооруна Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясы терең ыраазычылык билдирүү менен медайымдык билим берүүнү реформалоодо кошкон салымы үчүн долбоордун директору Бруно Лабка, долбоордун мурдагы директору Луи Лутанга, добордун эл аралык эксперти Бригита Скела Савичке, долбоорунун жергиликтүү командасынын жетекчиси Орозалиева Гульзат Сабырбековнага жана долбоордун координатору Мамбетова Алтынай Касымбековнага ассоциациянын Ардак грамотасын тапшырды. Ал эми Швейцариянын элчилиги 5 пилоттук колледждердин директорлоруна ыразычылык кат тапшырды.