“Мекеним – менин тапкан алтын энем” аттуу көркөм окуу сынагы болуп өттү.

2024-11-23 14:28:52 27

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында ОшМУнун медициналык колледжинде 2024-жылдын 23-октябрында “Мекеним – менин тапкан алтын энем” аттуу көркөм окуу сынагы жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Сынакта таланттуу студенттер мекенди, кыргыз тилин даңазалаган ырларды көркөм айтышып, мыкты катышуучулар калыстар тобунун тандоосу менен тандалып, медициналык колледждин Диплому жана Ыраазычылык баракчасы менен сыйланышты. Калыстар тобу: Медициналык колледжинин окуу иштери боюнча директордун орун басары - Торобаева Данакан Калгожоевна, Клиникалык адистиктердин бөлүм башчысы – Ташиев Руслан Азизович, Фармация адистигинин бөлүм башчысы – Батаев Абдилашим Асаналиевич, “Терапиялык дисциплиналар” ПЦКсынын башчысы - Мамытова Гуля Асылбековна, “Акушердик жана педиатриялык дисциплиналар” ПЦКсынын башчысы – Арзиматова Бактыгүл Каримбердиевна, “Медайым ишинин негиздери” ПЦКнын башчысы - Сейитова Гулшайыр Токсоновна. Сынак медициналык колледжинин кыргыз тилчилери К.Муратбаева, А.Орунбаева, Жумабек кызы Гүлкан жана куратор Исматиллаева Сажира Ураимовналар менен биргеликте уюштурулду.