2024-11-23 14:17:55 19
Бугун 18-10.2024ж. Медициналык колледжде дагы бир көрсөн көз кубанаарлык саамалык болуп өттү. Акушердик жана педиатриялык дисциплиналык ПЦКнын жооптуулугунда, профессордук окутуучулук составынын аялдар жааматына жана кыз келиндерге, аялдардын жыныстык органдарынын жана көкүрөк безинин ооруларын алдын алуу максатында гинекологиялык кароо кабинети ачылды. Андан ары кызгылт октярь айлыгынын алкагында акушердик жана педиатриялык дисциплинасы ПЦКнын окутуучулары Мамасеит к Джанара, Ыстанова Махабат Голбаевна көкүрөк безинин шишик ооруларын (рак) алдын алуу боюнча презентация өтүп беришти. Презентация 11:00 дө окутуучуларга, 14:00дө студент кыздарга өткөрүлдү. Ошол эле учурда окутуучуларга жана студенттерге гинекологиялык кароо кабинетде бир жума бою акысыз кароодон өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.