2024-11-23 13:53:32 13
Жатаканада жашаган студенттердин арасында окуу-тарбия иштерин уюштуруу колледждин билим берүү системасында өзгөчө орунду ээлейт. Колледждин жатаканасы студенттердин жашаган жери гана эмес, инсандын кесиптик жана руханий өнүгүүсүнүн келечектүү багыттарын аныктоочу, студент жаштардын жаңы социалдык-турмуштук шарттарга ыңгайлашуу процессинин кыйынчылыктарын жана карама-каршылыктарын жеңүүчү жаңы социалдык микрочөйрө болуп саналат. 2024-жылдын 3-октябрында жатаканада жашаган студенттерди медициналык колледжинин тарбия иштеринин программасы менен тааныштыруу, студ.кеңешчини шайлоо жана анын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча маалымат берүү максатында "Медайым ишинин негиздери" ПЦКсынын окутуучусу Сейитова Гулшайыр Токсоновна жана "Терапиялык дисциплиналар" ПЦКсынын окутуучусу Исматиллаева Сажира Ураимовналар менен биргеликте жыйын өткөрүлдү.