2024-11-23 12:49:06 9
2024-жылдын 24-сентябрында ОшМУнун медициналык колледжинде Мамлекеттик тилибиздин улуттук тил катары кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата "Кыргыз тили-нускалуу тил. кутман тил, Кыргыз тили көркөм дүйнө дастан тил" аттуу адабий-музыкалык кече өткөрүлдү. Концерттик программада медициналык колледжинин ар тараптуу чыгармачыл, таланттуу студенттери тарабынан Мамлекеттик тилди даңазалаган ыр саптары көркөм окулуп, күпүлдөтө Манас айтылып, кыздардын кыргыз бийи, сыбызгыган комуздун күүсү менен коштолгон айтыш, жандуу ырлар ырдалды. Улуттук уңгубузду алып жүргөн көркөм, сулуу тилибиз! Көөнөрбөсүн, бөксөрбөсүн эч качан! Кече медициналык колледжинин кыргыз тили окутуучулары Муратбаева Кызбурак, Темирова Нурила, Жумабек кызы Гулкан эжекелер менен биргеликте уюштурулду.