"Таза чөйрө таза экология"

2024-04-18 11:56:36 14

Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча Президенттин жарлыгына ылайык экологиялык аң-сезимди калыптандыруу, айлана-чөйрөгө аяр жана сарамжалдуу мамиле кылуу, тазалыкты сактоо максатында ар бир мекеме уюм тарабынан өткөрүлө турган иш-чараны Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжи "Таза чөйрө таза экология" аталышында иш-чара өткөрдүк. Мыкты видео ролик, мыкты дубал гезит конкурстары уюштурулуп, концерттик программа менен коштолду. Иш-чарага салым кошкон окутуучуларга, студенттерге ыраазычылык билдиребиз.