Биринчи курстун студенттерине аялдар кеңеши тарабынан жыйналыш өткөрүлдү.

2015-10-17 14:12:02 245

14.10.2015 – жылы Медициналык колледжде аялдар кеңеши тарабынан 1 – курстун кыздары үчүн жыйналыш өткөрүлдү. Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды: - 1-курстун тайпаларынан арасында кыздар кеңешинин төрайымдарын шайлоо; - Адептүүлүк боюнча кеңеш берүү( саламдашуу, тазалык, тартип); - Сирия өлкөсү боюнча түшүнүк берүү; - Кыздардын эрте турмушка чыгуусун алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Күн тартибинде коюлган маселе боюнча аялдар кеңешинин төрайымы, улук окутуучу Шерматова Жаркынай Ташполотовна жана окутуучу Абдрасакова Гулмира Зарылбековна билдирүү жасашты. Декандын тарбиялык иштери боюнча орун басары Айтманбетов А келип, толуктоо киргизип, өз сунуштарын айтты.