А. Осмонов 100 жашта.

2015-10-15 11:10:33 273

2015 - жылдын 10- октябрында медициналык коллеждин мамлекттик тил кафедрасы тарабынан “А.Осмонов 100 жашта” аттуу иш чара аткарылды. Ал окутуучу Т.Исакова жана улук окутуучу К.Чотикееванын жетекчилиги менен уюштурулду. Акындын чыгармачылыгына арналган көргөзмө уюштурулуп, студенттер тарабынан А. Осмоновдун ырларынан көркөм окулду. Чыгармаларынан үзүндүлөр, акындын текстине жазылган обондуу ырлар аткарылды. Даректуу фильм көрсөтүлүп, гезит жана эсселердин конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды.