2024-01-24 10:45:03 178

2024-жылдын 24-январында Ош МУнун медициналык колледжинде Практика жана карьера борборунун 2023-2024-окуу жылындагы бекитилген иш планынын 17-пунктундагы "Иш берүүчүлөр аркылуу практикада кесиптик компетенциялардын калыптануусу" аттуу тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага Ош МУнун Практика жана карьера бөлүмүнүн жетекчиси, п.и.к., доцент Т.К.Матикеев, Ош МУнун Карьера борборунун жетекчиси Азирет Али Маткалыков, иш берүүчүлөр, ата-энелер жана медициналык колледжинин директору, м.и.к, доцент З.С.Арынов жетектеген профессордук-окутуучулук курамы, бүтүрүүчүлөр катышты. Тегерек столдо заман талабына ылайыктуу адистерди даярдоо максатында иш берүүчүлөр менен окутуунун натыйжалары жана мамлекеттик стандартта берилген компетенциялар талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды. Соңунда окуу-тарбия жараянына активдүү катышкан ата-энелер жана иш берүүчүлөр Ыраазычылык каттар, алдыңкы бүтүрүүчүлөр Ардак грамоталар менен сыйланышты.