"Кыздардын репродуктивдүү ден-соолугуна кам көрүү жана азыркы учурдагы көйгөйлүү маселелер "

2023-12-21 15:52:36 148

2023-жылдын 21-декабрь күнү Ош Мамлекеттик Университетинин Медициналык колледжинин аялдар кеңешинин төрайымы У.А.Чоторова ошондой эле акушердик жана педиатрия дисциплиналар ПЦК сынын төрайымы Б.К. Арзиматова жамааты менен биргеликте "Кыздардын репродуктивдүү ден-соолугуна кам көрүү жана азыркы учурдагы көйгөйлүү маселелер " аталыштагы иш- чара өткөрүлдү Жолугушууга Ош облустук Адам репродукциясы борборунан акушер- гинеколог , эндокринолог дарыгери Мадакимова Жаңылай Абдумаликовна КРнын эмгек сиңирген дарыгери ОшМУнун медициналык колледжинин окутуучусу Саипова Эльмира Мамасадыковна ОшМУнун медициналык колледжинин жалпы медицина дисциплиналар циклынын окутуучусу Эргешова Мира Айтмараковна √8 Үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунун онкогинеколог дарыгери Ыстанова Махабат Голбаевна ОшМУнун "Зирек"мектебинин англис тили жана түрк тили мугалими Турганбаева Ибадат Махамдиновналар катышып кыздарыбызга акыл насааттарын , кеп - кеңештерин беришти . Жолугушуунун жыйынтыгында суроо жооптор жана анкетирлөө жүргүзүлүп таасирдүү жана абдан кызыктуу болуп , жогорку деңгээлде өттү.