2023-12-05 10:44:19 146

ОшМУда "Сергек жашоо жана ден-соолук" жылына карата, медициналык колледждин "Директорунун кубогу" үчүн адистиктер арасында студенттик спартакиада уюштурулду. Спорттук мелдештер студенттердин ден-соолугун чыңдоо, сергек жашоого жана спорт менен такай машыгууга үгүттөө максатында уюштурулуп, спорт аркылуу улуттар аралык ынтымактуулукту, достукту, биримдикти чыңдоо, студенттер менен окутуучулардын байланышын күчөтүү, спорттук жана улуттук оюндарды кеңири жайылтууга көмөктөшүү, катышуучулардын көңүлдүү эс алуусун, эң негизгиси медициналык колледждин алдынкы спортчуларын аныктоо жана курама команданы толуктоо максатын көздөйт. Уюштурууга көмөктөшкөн окуу жайдын директору Арынов Замирбек Сапарбаевичке, тарбия иштери боюнча директордун орун басары Сатанов Арапбай агайыбызга жана ПЦК төрага-төрайымдарына, дене-тарбия циклынын төрайымы И.Ф.Сулаймановага жана эжеке жетектеген окутуучулар командасына терең ыраазычылык билдиребиз. Студенттердин арасында спорттун шахмат, тогуз коргол, стол тениси, волейбол, футбол боюнча мелдештер болуп өттү.