1-курстарын кабыл алуу аземи

2023-11-28 08:36:13 149

Бүгүн 27-ноябрь 2023-жылы Медициналык колледждин 1-курстарын кабыл алуу аземи болуп өттү. Салтанаттуу азем Ош шаарындагы улуттук драм театрында болуп, ага ОшМУнун орто кесиптик билим берүү департаментинин директору м.и.к, доцент Мамажакып уулу Чынгыз, ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору п.и.к, доцент Шарипова Мастура Сайпидиновна жана медициналык колледждин директору м.и.к, доцент Арынов Замирбек Сапарбаевич келип 1-курстун студенттерин кызуу куттукташты. Концерттик программа студенттер тарабынан уюштурулуп, 1-курстун студенттерине жагымдуу маанай тартуулашты.