Медицина колледжинин студенттери карылар үйүндө

2023-11-23 10:13:36 49

Медицина колледжинин студенттери карылар үйүндө(21.11.2023.) Бүгүн 21-ноябрь ОшМУнун медицина колледжинин студенттер жамааты Ош шаарындагы карыялар үйүнө барып "карысы бардын ырысы бар"деген теманын алкагында жолугушуу уюштурду. Жолугушууну максаты ошол жерде жашаган карыялардан кабар алып, алардын көңүлүн көтөрүү максатында концерттик программаларын тартуулап келишти.Стоматалогия ПЦКсынын окутуучусу С. Каныбек уулунун жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Ж.Исманалиеванын демилгеси менен уюштурган бул иш чара таасирдүү жана жогорку дээңгелде өттү.Студенттер менен карылардын ортосунда жылуу мамиле пайда болуп, улууларга болгон сый -урматын өстүрүп,келечекте жаш муундарга уулуларды сыйлоо маданиятын дагы да өстүрүп, ушундай иш чаралар байма- бай өткөрүлүсү керектигин сунуштады.Карыялар медициналык колледждин жалпы жааматына жана студенттерине ыраазычылыктарын билдиришип,өз баталарын беришти.