ОшМУда Bilimfest-2023 ачык эшиктер күнү болуп жатат.

2023-05-17 09:58:00 108

ОшМУнун башкы имаратында Bilimfest 2023 - ачык эшиктер күнү өтүп жатат. Кесипке багыт берүүнү максат кылган иш-чарага Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жана Ош шаарындагы бардык мектеп бүтүрүүчүлөрү, орто кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү, ата-энелери катышып жатат. Окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган ректорат жамааты, келген коноктор факультеттер, институттар, колледждер, лицейлер тартуулаган билим жарманкеси менен таанышты. Медициналык колледждин жааматы да жогорку денгээлдеги даярдык менен барып колледж жөнүндө жалпы маалыматтарын жарманкеледи. Медициналык колледжге тапшырууну каалагандарга кеңири маалыматтар берүү менен биргеликте буклеттер таркатылды. Келген коноктор каалаган адистиктер боюнча маалымат алып, студенттердин колунан жасалган жаңы табылгалар, ойлоп табууларга күбө болууда.