12- май Бүткүл дүйнөлүк медайымдар күнүнө арналган кыздар- балдар САРМЕРДЕН концерттик программасы өткөрүлдү.

2023-05-13 02:41:12 100

ОшМУнун Медициналык колледжинде бугун 12- май Бүткүл дүйнөлүк медайымдар күнүнө арналган кыздар- балдар САРМЕРДЕН концерттик программасы уюштурулду. Майрамга атайын Ош шаарынын башкы медайымдары конокко чакырылып калыстар тобун түзүп беришти. Ош областтык кургак учукка каршы күрөшү борборунун мээрбандык иштери боюнча орун басары Кожонова Урниса. Ош областтык кечиктирилгис кардиология бөлүмүнүн башкы медайымы - Жакыпова Тургунай, Медицина факультетинин окутуучусу Табалдиева Назгул, медициналык колледждин директордун тарбия иштери боюнча орун басары Жакыпова Гулмира калыстар тобун түзүштү. Жыйынтыгында кыздар, балдар командасы бирдей упай топтоп достук жеңишине ээ болушту жана 1-2-даражадагы дипломдор тапшырылды, активдүү катышкан студенттерге калыстар тобу тарабынан акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Иш чара медайым ишинин негиздери ПЦКсынын окутуучулары тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү.