Өзбекстан Республикасынын Жиззах областынын Галляарал медициналык колледжине жана Самарканд областынын Иштихон районун Иштихон медициналык техникумуна академиялык мобилдүүлүк боюнча иш сапары.

2023-05-10 07:19:17 117

Өзбекистан Республикасынын Жиззах областынын Галлаорал медициналык колледжине жана Самарканд областынын Иштихон районунун Иштихон медициналык техникумуна академиялык мобилдүүлүк боюнча 4 күндүк иш сапарына медициналык колледждин 8 окутуучу жамааты барып келишти. Жиззах областынын Галляарал медициналык колледжинде тажрыйба алмашууөчөн барган окутуучулар адистиктери боюнча сабактарга катышып анализ беришип өздөрүндөгү интерактивдүү методдор менен бөлүшүп сабактарга катышышты. Колледждин инфраструктурасы менен таанышыты. Иш сапардын 2- күнү Самарканд областынын Иштихон районун Иштихон медициналык техникумуна келип алар жылуу маанай менен тосуп алышты. Иш сапардын алкагында эки элдин анын менен катар эки медициналык колледждин "Кызматташтык байланыштарды орнотуу, медициналык билим берүүгө тиешелүү алдынкы тажрыйбаларды алмашуу меморандумуна" кол коюлду.Аны менен катар эле медициналык техникумдун инфраструктурасы менен таанышып, сабактарга катышып студенттер менен баарлашып тажрыйба алмашылды.