Ош МУнун медколледжинде жаштар комитети тарабынан сурамжылоо өткөрүлдү.

2015-05-29 10:41:18 242

Ош МУнун медициналык колледжинде жаштар комитети тарабынан студенттердин билимге болгон кызыгуусун арттыруу жана окутуучулар менен студенттердин ортосундагы мамилени чыңдоо максатында "Окутуучу студенттин көзү менен" жана "Студент окутуучунун көзү менен" аттуу сурамжылоо өткөрүлдү. Сурамжылоонун негизинде өзүнүн адистигин мыкты өздөштүрүп, көптөгөн тажрыйбага ээ болгон жана сабагын чеберчилик менен өтүп, студенттер арасында кадыр-баркка ээ болгон жылдын мыкты окутуучусу деп төмөнкү окутуучулар тандалды: 1. Айтманбетов Асылбек - директордун тарбия иштери боюнча орун басары 2. Өмүрзаков Сүйүндүк - жалпы медициналык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу 3. Камбаралиев Тилек - хирургиялык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу. Жалпы студенттердин арасында эң мыкты окуп, бир нече ийгиликтерди багындырган жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн жылдын мыкты студенти деп төмөнкү студенттер тандалды: 1. Абдулла к. Жаңылай - 3СД9-12-12 2. Кадыркул к. Аида - 3АД9-12-12 Төмөнкү студенттер медициналык колледждин директору К.Ш.Аттокуровдун ыраазычылык катына ээ болушту: 1. Назирсултанов Тариэл - 2АД7-11-13 2. Жайлооев Азамат - 2ЛД7-11-13 3. Палбанов Эламан - 2СТО11-2-13 4. Акматов Данияр - 2ФР11-8-13 5. Рысбеков Эмирлан - 1СТ11-6-14 6. Равшанбек у. Авазбек - 1СТО11-3-14. Бул студенттер окууда жана коомдук иштерде өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык кат менен сыйланышты.