Ош МУнун медколледжинин

2015-05-20 15:08:54 280

2015-жылдын май айында Ош МУнун медициналык колледжинин "Мээрим башаты" окуу-медициналык борборунда 30 студент (Бегматов О.- фельдшер, Нариман айылы; Таиржанова М.- биофак, студент; Курстанбекова Н. - медфак, студент; Кадамбаева Ж. - Кара-Кулжа району, медайым; Сулайман у. Эльдияр - теология, студент; Бөрүбаев Э. - Жалал-Абад облусу ж.б.) окууларын ийгиликтүү аяктап, сертификатка ээ болушту. Окуу 2,5 айга созулуп, анда студенттер косметикалык, чекиттик, классикалык массаждын түрлөрүн жана индиялык, тайланддык, мануалдык массаждын элементтерин үйрөнүштү. Эскерте кетчү нерсе аталган окуу-медициналык борбор колледждин директору, б.и.к., доцент К.Ш.Аттокуровдун демилгеси менен 2015-жылдын март айында түзүлгөн. Борбордун директору Жапаров Кубаныч Койчуманович - Ош МУнун медициналык колледждин хирургиялык дисциплиналар кафедрасынын окутуучсу, травматолог-ортопед, КГМАнын 2001-жылкы бүтүрүүчүсү.