16-март күнү

2023-03-25 03:35:22 178

ОшМУга караштуу медициналык колледжинде 16-март күнү "Сергек жашоо жана ден соолук" жылына карата Нооруз майрамын утурлай студенттер үчүн спорттун кичи футбол оюну боюнча директордун кубогу өткөрүлдү. Мелдешке медициналык колледждин студенттеринен 20 команда катышып, мыкты оюн көрсөтүштү. Жыйынтыгында СТО-2-21 тайпасынын студенттеринен куралган команда женишке жетишип I - даражадагы диплом, кубок жана акчалай сыйлык менен сыйланышты. Ошондой эле 2,3- орунду ээлеген командаларга да диплом, акчалай сыйлыктар ыйгарылды.