ОшМУга караштуу медициналык колледжде эркектер жамааттынын арасында спорттун бильярд түрү боюнча мелдеш өттү.

2023-02-22 14:53:43 123

Мелдеш 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата окуу жайдын профсоюз төрагасы Караев Элзар тарабынан уюштурулду. Иш менен эс алууну айкалыштырып, эмгекке эргүү берүүгө багытталган бул саамалык жамааттын ынтымагын бекемдөө, спортко болгон кызыгууну арттыруу жана ден-соолукту чыңдоо максатында ишке ашты. Мелдешке жалпы отуздан ашуун катышуучу катталып, оюнчулар чүчү-кулак кармоо менен жобого ылайын 4 тайпага бөлүнүшүп, оюн курушту. Таймаш кызуу уланып, ар бир тайпада мыкты оюн көрсөткөн экиден оюнчу чейрек финалга жолдомо алышты. Жогорку чыңалуу менен коштолгон чейрек финалда 8 оюнчунун ичинен 4 оюнчу жарым финалга чыгышып, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан мыкты чеберчиликтеги беттешүүнү тартуулашты.