Ош МУнун медициналык колледжинде улуу жеңиштин 70 жылдыгына карата иш чара болуп өттү.

2015-05-02 10:58:38 245

Улуу Ата-Мекендик согуштагы улуу жеңиштин 70 жылдыгына карата «Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт» деген темада коомдук дисциплиналар кафедрасы иш чара өткөрдү. Анда согушка байланыштуу музыкалык ырлар, бий, сценалык көрүнүштөр, көркөм окуу көрсөтүлдү. Жалпы студенттерге бул жеңиштин баасы, баркы, мааниси жөнүндө маалымат берилди.