Ош МУнун медициналык колледжинин студенттери согуш ардагерине жардам беришти.

2015-05-02 10:41:17 236

28-апрелде коомдук дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Мира Сейдалиеванын жетекчилиги менен студенттердин тобу Озгур айылындагы согуштун ардагери 92 жаштагы Абдубап Батыровдун үйүнө барышты. Ал ооруканада даарыланып жаткандыктан, дирекция тарабынан берилген акчалай жардамды колуна тапшырып, ыраазычылыгын, батасын алышты. Ардагердин үйүндөгү отундарын кыркып, короосун тазалап, жерин тээп ж.б. жумуштарын аткарып келишти.