2022-12-29 12:57:39 102

26-декабрь күнү Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин профессордук-окутуучулук курамына арналган "Жарпыңды жазаар Жаңы-Жыл-2023"-аталышындагы майрамдык кече шаарыбыздын ресторандарынын биринде өттү. Кеченин жүрүшү ыр-күлкү, оюн-зоок, жомоктогу каармандар менен коштолду. Ректорат өкүлдөрүнөн б.и.к.доцент Т.К.Эркебаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, кечеге күбө болду. Майрамдык салтанатты уюштурган табият таануу жана так илимдер ПЦКсынын төрагасы б.и.к., доцент К.Ш.Аттокуровго жана жалпы ПЦК мүчөлөрүнө ыраазычылык билдиребиз. Жаңы жылыңыздар менен куттуктап, 2023-жыл тынчтыктын жана кубанычтын жылы болсун деген тилекти айтабыз.