Улуттук адабият күнүнө карата адабият кечсеси уюштурулду.

2022-12-13 17:50:37 97

Бүгүн 13-декабрда улуттук адабият күнүнө карата кыргыз тили жана адабияты, манас таануу ПЦКнын окутуучуларынын демилгеси менен адабий- музыкалуу иш чара өткөрүлдү. Ага Ош облустук жана шаардык жазуучулар бөлүмүнүн төрагасы, акын Улукбек Омокеев катышып, студенттер менен кеңири суроо- жооп түрүндө маектешүү өткөрдү. Улуттук адабияттын көйгөйлөрү, ийгиликтери талкууланып, жандуу, кызыктуу пикир алышуу болду. Кечеге медициналык колледждин директору, доцент З. Арынов, директордун тарбия иштери боюнча орун басары Г. Жакыпова жана окутуучулар катышып жылуу каалоо- тилектерин билдиришти.