Ош МУнун медколледжинде аккредитациялык комиссия өз ишин жыйынтыктады.

2015-04-24 09:32:55 240

2015-жылдын 23-апрель күнү профессор Б.Исмаилов жетектеген эл аралык аккредитациялык комиссия (6 адам) бул күнү да ишин улантышты. Медициналык колледждин лаборанттары, методисттери, усулдук кеңештин төрайымдары, директордун орун басарлары жана директор К.Аттокуров менен маектешүү өткөрүштү. Окутуучулардын сабактарына кирип катышышты. Табият таануу факультетинин 1-этажындагы окуу кааналары, лабораториялар менен спорт аянтчасы, китепкана, спорт зал менен таанышышты. Медициналык колледжди бүтүрүп, эмгек ишмердүүлүгүн өтөп жаткандар менен да пикирлешти.