Бүгүн ОшМУнун медициналык колледжинде 1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДге каршы күнүнө карата уюштурулган иш-чара болуп өттү.

2022-12-02 09:51:06 108

Бүгүн ОшМУнун медициналык колледжинде 1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДге каршы күнүнө карата уюштурулган иш-чараны терапиялык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучулары Ураимова Э, Амирова Ч, Ажимаматова Н, Машрабова А мыкты денгээлде өткөрүштү. Иш-чарага Ош областтык СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун дарылоо бөлүмүнүн башчысы Моторов Улукбек Толомушевич жана ОшМУнун аялдар кенешинин төрайымы Сейитказыева Гулнара Имамалиевна конокко келишти. Иш-чараны медициналык колледжинин директору м.и.к, доцент З.С.Арынов ачып берди. Андан кийин 1-курсстар арасында 4.команда КВНге катышты. Аягында сыйлоо баракчалары берилди. Иш чаранын жүрүшүндө, Вирусту аныктоо максатында экспресс тест жүргүзүлдү, жыйынтыгы 20 минутада билинди. Тестке Директор, окутуучулар, студенттер тесттен өтүштү.