Бугун медициналык колледжде уул балдар студенттерге Ош ШИИБнын Ак-Буура МБнун №4 ШМБнүн кызматкерлери менен жолугушуу болуп өттү.

2022-10-06 17:38:50 126

Бугунку колледждин уул балдарына(студенттер)Ош ШИИБнын Ак-Буура МБнун №4 ШМБнүн начальниги милициянын капитаны Марипбай уулу Таирбек жетектеген жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору Жакыпов Таттубек Мамарасулович жана аймактык тескөөчулөр? Ош шаардык Мэриясынын №6 Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын соц адиси Маматилла уулу Канназар, Ош шаардык жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан милициянын майору Шакиров Рустам келип түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жыйынга медициналык колледждин жалпы курсунун уул балдары жана кураторлору, колледждин директору Арынов Замирбек Сапарбаевич жана директордун тарбия иштери боюнча орун басары Жакыпова Гулмира Мамадалиевна катышышты. Иш чара директордун тарбия иштери боюнча орун басары Жакыпова Гулмира Мамадалиевна тарабынан уюштурулду. Иш чара коомдогу студенттердин арасында болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн алдын алуу жана студенттердин тартибин жөнгө салуу максатында уюштурулду.