Стартап программасынын алкагында Айдеркен шаарында жеке ийне сайуу жана окуу борбору ачылды.

2022-09-16 14:17:02 107

2022- жылдын 6-август күнү Стартап программасынын алкагында Айдеркен шаарында медициналык колледждин бүтүрүүчүсү Садридин кызы Бурмакан жеке ийне сайуу жана окуу борборун ачты. Окуу борбордун ачылышына Стартап борборунун жетекчиси Камалов Эрлан Токтоназарович, башкы адиси Мээрим, Медициналык колледждин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Жакыпова Гулмира Мамадалиевна, фармаци адистиктери боюнча практика башчысы Топчубаев Бекболот барып катышышты. Куттуктоо сөздөр сүйлөнүп белектер тапшырылды.