Кызгызстандагы медициналык колледждеринин Ассоциациясынын волейбол оюнунун Кубогунда

2022-06-13 15:38:14 164

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” улуттук программасын аткаруу жана өз ара тажырыйба алмашуу аркылуу билим берүү сапатын жогорулатуу максатында “Кыргызстандагы медициналык колледждеринин Ассоциациясынын волейбол оюнунун Кубогу” 2022-жылдын 1-июнунан 3-июнуна чейин Нарын медициналык колледжинин базасында өткөрүлду. Жалпы 13 команда катышып медициналык колледждин эжекелер командасы экинчи орунга ээ болушту.