Бүгүн 23-май медициналык колледждин

2022-05-23 19:21:10 194

Бүгүн 23-май медициналык колледждин "Профилактикалык стоматология" адистигин EdNet аккредитациялык агенттиги көз карандысыз аккредитациядан өткөрүүнү баштады. Эксперттик курамда Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан, академиялык эксперттер, жумуш берүүчүлөр бар. EdNet аккредитациялык агенттигинин эксперттери текшерүүнүн алгачкы күнү программаларды өздүк баалоо боюнча жумушчу топтор, дирекция, ПЦК башчылары менен жолугушууларды өткөрүшүп, документтерди кароо менен иш алып барууда. Андан сыртка материалдык-техникалык базалар менен таанышып, билим берүү процессин уюштуруу, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу иш-аракеттерине байкоо жүргүзүштү. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө студенттер, окутуучулар,иш берүүчүлөр, социалдык партнерлор менен маектешүүлөрдү өткөрүп, окутуучулардын сабактарына катышты.