“Билерман ордо” акыл таймашы студенттер арасында

2022-04-02 13:48:47 170

I. Иш-чаранын максаты: • Студенттер арасында ынтымакты, достукту бекемдөө; • Жаштардын интеллектуалдык билим деңгээлин жогорулатуу, билимдүү жаштарды колдоо. • Аймактын жаштарын билимдүүлүккө чакыруу. • Түштүк аймактык колледждер арасында өтүүчү “Билерман ордо” интеллектуалдык оюнунуна ОшМУнун медициналык колледжинин курама командасын түзүү. II. Иш-чараны уюштуруу тобу: • Иш-чара медициналык колледждин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Жакыпова Гулмира Мамадалиевна жана КӨЭАУнун “Интеллектуалдар борборунун” жетекчиси, “Билерман ордо” телеоюнунун мыкты команда капитаны, магистр Маманов Сагын Базарбаевич менен биргеликте уюштурулду ; • Иш-чаранын демөөрчүсү хирург, флеболог Эсекеев Эркинбек Базарбаевич. • Иш-чарага катышкан командаларга наминация, белектер берилет, активдүү катышкан студент жана жеңүүчү команда диплом жана белектер менен сыйланат. III. Сынактын шарттары: Сынак 3 бөлүктөн турат: 1-бөлүк: 10 суроо- (убактысы: ар бир суроого 1 мүнөт). 2-бөлүк: 10 суроо - (убактысы: ар бир суроого 1 мүнөт). 3-бөлүк: 10 суроо- (убактысы: ар бир суроого 1 мүнөт)