"Демилгелүү жаштар" тобу тарабынан Ош тазалыкта эмгектенген жумушчуларга жылуу маанай тартуулоо иш чарасы болуп өттү.

2022-03-31 16:56:44 169

Бугун 31.03.2022ж. ээрте менен "Демилгелүү жаштар" тобу тарабынан Ош тазалыкта эмгектенген жумушчуларга жылуу маанай тартуулоо иш чарасы болуп өттү. Иш чара топтун озүнүн демилгеси жана директордун тарбия иштери боюнча орун басардын жардамы менен өткөрүлдү. Иш чара Ош шаарынын Шакирова, Масалиев, Кыргызстан көчөлөрүндө Ош тазалыкта эмгектенген жумушчуларга ыссык кофе жана тез татым таркатылды. Өзүбүздүн энебиздей, атабыздай болгон инсандар эмгектенет жана да ээрте менен шаардын жашоочулары көчөгө чыга электе көчөлөрдү тазалап, иретке келтирип койгондугу бизди кубандырат. ошол эле учурда жашы улгайып калгандыгына карабастан оор жумушту аркалап келгендиги жан ачытаарлык бир көрүнүш. Ошол оор жумушту эске алып студенттердин арасында кайдыгер карабастан кабар алып таң эртеден жакшы маанай тартуулагандыктары кишини кубандырат. Биз келечекте ыйман ынсаптуу, айкөл, патриот, боорукер, акылман келечек муундарды тарбиялап жаткандыгыбызды айгинелеп турат.