“Демилгелуу жаштар” ыктыярчылар тобу тарабынан тазалоо иш чарасы болуп өттү.

2022-03-30 18:37:23 185

2022- жылдын 15- март күнү медициналык колледждин студенттеринин арасында “Демилгелуу жаштар” ыктыярчылар тобу түзүлдү. Бул идея студенттердин өздөрүнөн сунушталып 1-2-курстардын студенттеринен түзүлдү. “Демилгелуу жаштар” ыктыярчылар тобунун төрагасы Юлдашев Озодбек шайланды. Жалпы саны 30 студент өз ыктыяры менен “Демилгелуу жаштар” ыктыярчылартобуна катталышты.Бугун биринчи айлана чөйрөнү тазалоодон өздөрүнүн иш аракеттерин башташты. Юговосток аймагында жайгашкан Дендрологиялык парктын айланасын жана жол баскычтарды тазалашты. Күтүүсүздөн ОшМУнун Тарбия иштери боюнча проректору Артыкова Жылдыз Абдусаламовна, профсоюз уюмунун төрагасы Саттаров Абсамат, ОшМУнун жаштар кеңешинин төрагасы Бектурсун келип өздөрүнүн ыраазычылыктарын айтышып жана дем күч берип кетишти.