2022-02-22 16:58:26 208
Бугун колледждин кыз балдарына (студенттерине) шаардык ооруканалардын акушер гинекологдору менен жолугушуу уюштутурулду. Жолугушууга медициналык колледжин 1-,2-,3- курсунун студентери жалпы кыз балдары (студенттер), Ош областтык төрөт үйүнүн акушер гинекологу, саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери Саипова Элмира Мамасаиповна, Ош областтык адам репродукция борборунун акушер гинекологу Аширбекова Мээрим Ираимовна, ОшМУнун аялдар кеңешинин төрайымы Көчкөнбаева Насира Асаналиевна, медициналык колледждин аялдар кеңешинин төрайымы Чотурова Уулкыз Абдасаттаровна жана кураторлор катышышты. Жыйында кыздардын гигиенаны туура сактоо, контрацепция, журум турумдар боюнча темалард айтылды. Жыйын коомдогу студенттер арасынад болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында директордун тарбия иштери боюнча орун басары Г.Жакыпова тарабынан уюштурулуду.